Завершился обучающий курс по доктрине «Национальный дух — мировые высоты» для медработников


3-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында уюштурулган окутуу курсу жыйынтыкталды.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы ооруканалардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери, идеологиялык жана этикалык маселелер боюнча жооптуу кызматкерлер, ошондой эле кесиптик бирликтин төрагалары катышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев өз сөзүндө бүгүнкү глобалдык өзгөрүүлөр шартында улуттук иденттүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу улуттук нарк-насилди жана салттуу баалуулуктарды заманбап өнүгүү менен айкалыштырып, коомдун руханий негизин чыңдоого багытталганын баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы жарандардын саламаттыгын сактоо да улуттук идеологиянын маанилүү өзөгү экенин белгилеп, дени сак коом – руханий жактан бекем, бирдиктүү жана өнүккөн мамлекеттин негизи экендигине токтолду.

Ошондой эле медицина тармагынын өкүлдөрү жарандардын саламаттыгын сактоо багытында коом менен тыгыз иш алып баргандыктан, идеологиялык багытты жайылтууда өзгөчө жоопкерчиликке ээ экенин белгилеп, жетекчилерди өз жамааттарында Уңгужолду жайылтуу иштерин системалуу жүргүзүүгө чакырды.

Иш-чаранын соңунда курсту ийгиликтүү аяктаган медициналык кызматкерлерге «Уңгужолду жайылтуу боюнча насааткер»сертификаттары тапшырылды.


Ссылка на новость: https://kant.kg/2026-06-04/zavershilsya-obuchayushhij-kurs-po-doktrine-naczionalnyj-duh-mirovye-vysoty-dlya-medrabotnikov/


 
Новость прочитана 6 раз(a).
 

Еще из этой рубрики:

 
Заметили опечатку в тексте. Выделите ее мышкой и нажмите Ctrl + Enter.
Спасибо!