Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Улукбек Кармышаков ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык кабыл алынган.
Ссылка на новость: https://kant.kg/2022-03-28/ulukbek-karmyshakov-%d3%a9zbek-kyrgyz-%d3%a9n%d2%afkt%d2%afr%d2%af%d2%af-fondunun-bashkarmalygynyn-t%d3%a9ragasy-kyzmatynan-boshotuldu/