Минкаб башчысы Акылбек Жапаров борбордогу ЖЭБтеги штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди


Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди.

Анда Минкаб башчысына ушул жылдын 8-февралына карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.

«Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн, кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда», — деди Минкаб Төрагасын коштоп жүргөн энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Андан кийин минкаб башчысы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына барды, анда Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышты.

Маалым болгондой, көмүрдү жүктөө участкасында бардык жүрүп жаткан процесстерди күнү-түнү көзөмөлдөп турган онлайн камералар орнотулуп, бул ЖЭБте да, республикадагы бүтүндөй жайгашкан отун базаларында да катуу отундун кетишин жана өз убагында келүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, Минкаб башчысы мамлекеттик ишкананын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жакынкы 5 жылга өнүктүрүү планын тез арада сунуштоону тапшырды.


Ссылка на новость: https://kant.kg/2024-02-08/minkab-bashchysy-akylbek-zhaparov-borbordogu-zhebtegi-shtattyk-emes-kyrdaaldyn-kesepetterin-zhoyuunun-zh%d2%afr%d2%afsh%d2%afn-teksherdi/


 
Новость прочитана 101 раз(a).
 

Еще из этой рубрики:

 
Заметили опечатку в тексте. Выделите ее мышкой и нажмите Ctrl + Enter.
Спасибо!