- kant.kg - https://kant.kg/ -

На рынке «Дордой» дополнительно открыты пункты налоговой службы

Свердлов районунда, «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында 8 салык кызматынын бөлүмдөрү иштей баштады.

Ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган.

Эми ишкерлер «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:

— «Дордой Базары» ЖЧКсынын базар администрациясы, борбордук кире бериште;
— «Дордой базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы (мечиттин жанында);
— «Алкан Базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы;
— «Дордой Азия» ЖЧКсынын базар администрациясы (Джунхай), 2-кабат, 207-кабинет;
— «Форт Оберон» ЖЧКсынын базар администрациясы, 2-кабинет;
— «Альмаматр» ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;
— «Долон-Дордой» ЖЧКсынын («Дордой автотетиктери») базарынын администрациясы, 2-кабат;
— «Ак-Суу» ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, Ак-Суу базарынын администрациясынын жанында.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр https://salyk.kg шилтемеси аркылуу катталып, «Жеке кабинетке» кире алышат.